Бүгүн, 5-майда президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы, анын орун басарлары жана кабинеттин мүчөлөрү дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Аткаруу бийлигинин курамы төмөнкүдөй:
Улукбек Марипов – Министрлер Кабинетинин төрагасы;
Артём Новиков Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары;
Улукбек Кармышаков – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри;
Жылдыз Бакашова – Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Азамат Дикамбаев – Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министри
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү:
— Өмүралиев Таалайбек Барыктабасович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын коргоо министри болуп дайындалды;
— Казакбаев Руслан Айтбаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалды;
— Чынбаева Асел Рыспековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын юстиция министри болуп дайындалды;
— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри болуп дайындалды;
— Купешев Болотбек Душекович Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри болуп дайындалды;
— Иманалиев Кайрат Олжобаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрт болуп дайындалды;
— Ажикеев Бообек Эргешевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри болуп дайындалды;
— Ниязбеков Улан Омоканович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри болуп дайындалды;
— Абдралиева Гүлмира Курманбековна мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды;
— Турдубаев Кубанычбек Апышевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын энергетика жана өнөр жай министри болуп дайындалды;
— Жаныбеков Аскарбек Сапарбекович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын айыл, токой жана суу чарба министри болуп дайындалды;
— Шыкмаматов Алмамбет Насырканович Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министри болуп дайындалды;
— Кутманова Динара Асиевна Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин төрайымы болуп дайындалды;
— Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.