• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин сайты убактылуу иштебей калды

23 Баш оона 2021 17:48 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин сайты техникалык себептерден улам убактылуу иштебей жатат. Бул тууралуу басма сөз кызматы кабарлады.

Маалымымат боюнча, сервер орнотулган имаратта дем алыш күндөрү электр энергиясынын кыска мөөнөттүү өчүрүлүшүнөн улам техникалык себептерге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин www.gov.kg расмий сайты убактылуу иштебей калган.

«Учурда Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын техникалык кызматкерлери келип чыккан көйгөйлөрдү четтетүүнүн үстүндө иштеп жатышат. Сайттын иши жакынкы убакта кайра жандандыруу пландалууда», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 138