• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду

28 Жалган куран 2022 9:39 Бишкек Govori.TV

Азиз Аалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 28-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Аалиев Азиз Кубанычбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Ал эми буга чейин Азиз Аалиевдин ордуна ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болору айтылган.

Количество просмотров: 7027