Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Алиев кызматтан кетип, анын ордуна Жогорку Кеңештеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев дайындалганы кабарланды. Бул тууралуу «Азаттык» жазды.
Маалыматтарга ылайык, кызматтан бошотулган Азиз Алиев жаңыдан түзүлүп жаткан Кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун башкармалык төрагалыгы кызматына барат.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымат такталып жатканын билдирди. Ал эми өкмөттөгү кадрдык өзгөрүү боюнча президенттин расмий жарлыгы жарыялана элек.
Бакыт Төрөбаев 1973-жылдын 5-апрелинде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү. 1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин Экономика факультетин «финансы жана кредит» адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу
1995 — АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык «Жамиля жана К» фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.
1998–1999-жылдары — айыл чарба продукциясын өндүрүүчү «Азия-Сузак» дыйкан чарбасынын төрагасы.
2000–2007-жылдары — «Мариям» ЖЧКсынын ун комбинатынын башкы директору.
2007–2009-жылдары — IV чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты.
2009 – 2010-жылдары — Өзгөчө кырдаалдар министри.
2010-жылы — «Республика» саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланган.
«Республика» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары болгон.
2013-жылдын мартынан баштап, «Республиканын» катарынан чыгып, өзүнчө «Өнүгүү-Прогресс» депутаттык тобун түптөгөн.
2015-2021 — «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси боюнча VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.
2021-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Журт-Кыргызстан» партиясынын тизмесинен шайланган.