• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

«Министрлер телефонун албай жатышат». Депутат Сулайманов президенттин өкүлүнө даттанды

20 Чын куран 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Кундузбек Сулайманов министрлер телефон чалууга жооп бербей жатканын айтып президентке даттанды.

Сулайманов парламенттин бүгүнкү жыйынында президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

«Буга чейин президент Садыр Нуркожоевич «министрлерди көп чакырбагыла, убара кылбагыла, алардын орун басарлары келип тийиштүү суроолоруңарга жооп берет, бүт иштерди ошолор кылат» деген. Министрлерди көп чакырбай калганбыз, бирок телефон аркылуу маанилүү маалыматтарды алалы десек, кээ бири жадагалса телефонун албай жатат. Ошого көңүл буруп койсоңуз. Өзүңүз тапшырма берип, телефонго жооп берип койгула деп коюңузчу», — деди депутат.

Теги:
Количество просмотров: 114