• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Министрлик: Бишкекте Израиль ырчыларынын концерти өтпөйт

10 Үчтүн айы 20249:17 Бишкек Govori.TV

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улутук филармониясында Израиль ырчыларынын концерти өтпөйт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Министрлик билдиргендей, социалдык тармактарда жарыяланып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

«Концертти уюштуруучулар менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын ортосунда эч кандай келишим түзүлгөн эмес»,-деп жазылат маалыматта.

Учурдан пайдаланып Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги коомчулуктан такталбаган маалыматты бөлүшпөөгө чакырат.

Количество просмотров: 69