• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

«Фактылардын, далилдердин ордуна сындаган басылмалардын оозун басуу үчүн жазалоону колдонуп жатканы өкүнүчтүү»

10 Аяк оона 202414:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы журналисттерге кысым күчөгөнүнө, так айтканда “Новые лица” онлайн-басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаева жана “Азаттык” радиосуна карата «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзам колдонулуп жатканына тынчсыздануусун билдирет.

Бул көрүнүштү көз карандысыз ЖМКнын редакциялык саясатына кийлигишүү жана басма сөз эркиндигин чектөө аракети деп эсептейт.

«Мамлекеттик органдар журналисттер чыгарган маалыматтарга өз фактыларын жана далилдерди келтирүүнүн ордуна, сын айткан басылмалардын оозун басуу үчүн жазалоо ыкмаларын колдонуп жатканы өкүнүчтүү».

Мындай билдирүүгө 2024-жылдын 4-сентябрында КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кат аркылуу “Новые лица” интернет-басылмасынын башкы редактору Лейла Саралаевадан “Бишкекке марш” аттуу макаланы сайттан алып салууну талап кылгандыгы себеп болгондугун эске сала кетебиз.

Бул материалды таратканы үчүн министрлик “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматына эскертүү берди. Министрлик бул маалымат “чындыкка дал келбейт” деп эсептейт.

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы журналисттерге, анын ичинде Лейла Саралаевага, “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кыргыз кызматына жана башка көз карандысыз медиа өкүлдөрүнө кысым көрсөтүүнүн ар кандай түрлөрүн токтотууну; Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине ылайык сөз жана басма сөз эркиндигин коргоону камсыз кылууну; Жогорку Кеңештин депутаттарын демократиянын жана адам укуктарынын принциптерине туура келбеген “ Анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоо жөнүндө” мыйзамды тез арада жокко чыгарууну талап кылат.

Количество просмотров: 100