Жашоочулар карантин режимин бузуп, берилген сунуштарды аткарбаса, биз коронавирустун экинчи толкунуна анча алыс эмес убакта — эки жумада кабылышыбыз мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 6-майда эртең мененки онлайн маалымат жыйында саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев суроолорго жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, бет кап тагынбай жатат. Ал өзгөчө абал режимин бузгандарга административдик жана кылмыш жоопкерчилиги каралганын эске салды. Бүгүнкү күндө Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Ат-Башы районунда өзгөчө абал режими бар. Ошондой эле өлкө аймагында өзгөчө кырдаал режими аяктайт элек. Ошондуктан бардык жарандар сунуштарды аткарышы керек.
«Көптөгөн адамдар көчөгө чыгып, бекитилген режимди бузуп, инфекцияны өткөрүү жана таратууга шарт түзүүдө. Баарынан мурда мындай кадамга барарда ойлонуу керек, улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар гана каза болгон жок. Биз улуу муундагыларга — чоң апа жана чоң аталарга, ата-энелерге чоң коркунуч жаратып жатабыз. Баарыңыздар Европада, башка өлкөлөрдө эмне болгонун билесиздер. Оору биринчи кезекте улуу муундагы адамдарды жабыркатат», — деди ал.
Үсөнбаев учурдагы абалга өкмөттүн, мамлекеттик органдардын аракети, көптөгөн адамдардын ден соолугу жана медициналык кызматкерлердин өмүрү менен жетишилгенин эскертти.
«Эгер баары эрежени бузса, анда биз экинчи толкунга кабылабыз. Аралыкты сактаңыздар, бири-бирибизден алыс болушубуз керек. Бул абдан кооптуу оору», — деди ал.