Саламаттык сактоо министрлиги «Петарда окуучунун колунда жарылды» деген маалыматты четке какты.
«Кыргызстандыктар петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган өспүрүм бала тууралуу видеону активдүү бөлүшүп жатышат. Маалыматта петарда өспүрүмдүн колунда жарылып кеткени айтылууда. Айрым маалыматтарда бул окуя Кара-Балта шаарында болгону айтылып жатат. Республиканын саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин маалыматы боюнча, петарда жарылуусунан жабыркаган бейтап бир дагы медициналык уюмга келип түшкөн эмес. Таратылып жаткан маалымат чындыкка дал келбейт!»,-деп жазылат маалыматта.
Буга чейин WhatsApp жана Telegram мессенджерлери аркылуу петарданын жарылуусунан манжаларынан жаракат алган өспүрүм бала тууралуу видео тараган.