• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Министрлик: “Сапат” лицейиндеги окуяга байланыштуу комиссия түзүлдү

25 Үчтүн айы 2024 13:05 Бишкек Govori.TV

 “Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинде орун алган окуяга байланыштуу балдардын укуктарын коргоо боюнча комиссия түзүлүп, жеринде анализге алуу үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомствонун билдирүүсүнө караганда, учурда бул окуя Баткен облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан териштирүүгө алынып, Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө.

“»Сапат” эл аралык билим берүү мекемесинин жетекчилиги Кызыл-Кыя шаарындагы И.Раззаков атындагы лицейде балага кол көтөргөн педагогдун туура эмес аракеттеринен жабыр тарткан окуучулар менен алардын ата-энесинен кечирим сурап, тарбия иштери боюнча директордун орун басары жана мугалим иштен бошотулгандыгын билдирди. Ал эми директордун жеке жоопкерчилиги Башкы дирекциянын педагогикалык кеңешинин чукул жыйынында каралат», — деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызмтынан.

Эске сала кетсек, социалдык тармактарда «Сапат» кыргыз-түрк лицейинин окуучусун ур-токмокко алган учурундагы видео тараган.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, аталган факты Кызыл-Кыя шаардык милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 70