• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Министрлик: ЖЭБ жылуулук басымын акырындан көтөрүп жатат

20 Бирдин айы 2024 13:38 Бишкек Govori.TV

20-февралга карата Бишкек шаарынын Жылуулук электр борбору 280 МВт жүктөмдү активдүү көтөрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сырттагы абанын температурасынын төмөндүгүнө байланыштуу «Бишкекжылуулуктармагына» берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +56 градусту түзүүдө.

Ал эми «Бишкекжылуулуктармагы» менен түзүлгөн абоненттик келишимге ылайык, үй-жайлардагы температура +18 түзөт.

Министрлик эгерде имараттарда температура +18 градустан төмөн болсо, анда «Бишкекжылуулуктармагынын» колл-борборуна кайрылып, билдирме калтырууну, анын негизинде жылуулук жана ысык сууга кайра эсептөөлөр жүргүзүлөрүн белгилейт.

«Кээ бир жерлерде жылуулук толук кандуу жетпей жаткан болсо, келтирилген ынгайсыздык үчүн кечирим сурайбыз. Шаар тургундарын жылуулук менен камсыз кылуу үчүн бардык райондордо 14 бригада тынымсыз иштеп жатат. Ошондой эле бардык контролерлор да ишке тартылган. Бардык түшкөн арыздар боюнча кызматкерлер тарабынан каралып, актылар түзүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бүгүндөн тарта ЖЭБдин жүктөмдүн активдүүгү акырындык менен жогорулап, натыйжада берилген ысык суунун температурасы дагы жогорулайт.

Белгилей кетсек, Бишкек Жылуулук электр борборундагы жабдуулардын эскилиги жеткендигине байланыштуу кызматкерлер күнү-түнү жеринде болуп, жабдыктар бузулган учурда техникалык иштерди ыкчам жүргүзүүдө.

Жылуулук жана ысык суу менен камсыз кылуу боюнча авария же суроолор болсо, бул жерге жазыңыз же телефон чалыныз:

  • (0312) 61-11-69, 1980 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
  • диспетчердик кызмат: 56-85-58;

Борбордук аймактагы ички үй тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери:

  • 36-57-19, 30-07-67;

Түштүк аймактагы ички ү й тармактары боюнча нөөмөтчү инженерлери:

  • 51-06-22, 21-74-06.

Белгилей кетсек, буга чейин бишкектиктер үйүндөгү жылытуучу радиаторлордогу жылуулук араң гана берлип жатканын айтышкан болчу. Алардын айтымында жылуулук берүүнүн солгундагыны күн сууктаган учурда болгону кыйынчылыктарды жаратып жатат.

Количество просмотров: 59