• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Мирбек Атабеков Бек Исраилов менен Толгонай Арзыкеевага продюсер болот

10 Үчтүн айы 2019 16:16 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 10.01.2018. Govori.TV

Хит ырлардын аткаруучусу, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков ырчы Бек Исраиловго продюсер болду.

 «Чыныгы таланттарды колдоп, жардам беришибиз керек»,- дейт Мирбек Атабеков.

«Жаңы жылдан баштап Бек Исраиловго жана Толгонай Арзыкеевага колдоо көрсөтөйүн деп продюсер болууну чечтим. Учурда Бек Исраилов менен жаңы чыгармаларды жазып баштадык. Ал эми келишимибиз мынча жылга түзүлдү деп айта албайм. Буюрса, узак эле иштешебиз деп ишенем. Анткени өсө турган, жогорку деңгээлге чыга турган таланттарга бардык жактан колдоо көрсөткүм келип жатат. Продюсер болуп каражат табайын деген ниетим жок. Болгону шоу-бизнестин деңгээлин жогорулатуу», — дейт ал.

Ал эми «продюсерлик менен алектенсеңиз өзүңүздүн чыгармачылык карьераңызга таасирин тийгизбейби?» деген суроого төмөндөгүдөй жообун узатты.

«Чыгармачылыгыма мурдагыдай эле убакыт бөлөм, мурдагыдай эле энергия жумшайм. Балким, андан дагы көбүрөөк күч жумшайм. Менин продюсер болушум чыгармачылыгымды аксатпашы керек. Мындан ары деле жакшы чыгармаларды жаратып, клиптерди тартуулайм», — деди Атабеков.

Булак: SUPER.KG

Количество просмотров: 28