• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мирбек Атабеков эми ырчыларга продюсерлик кылабы?

14 Жетинин айы 2018 11:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.11.2018.Govori.TV

 

Ырчы Мирбек Атабеков жакында «Мурас» продюсердик борборун ачат. Бул тууралуу Мирбек Атабеков «Супер-Инфо» гезитине  берген маегинде айтты.

Таланттуу ырчы алгачкылардан болуп өзүнө шакирттикке өкүл баласы, ырчы Бек Исраиловду алып, ага продюсер болот.

«Азыр «хайп» деген сөз мода болду. Элдин көңүлүн алуу үчүн, эл сөз кылса деп ар нерсени ойлоп таап жатышат. Биз өтө катуу чыкпай, артта калбай, ортодо жакшы ырларды чыгарып турууну максат кылуудабыз», — деген Мирбек Атабеков.

Ырчы “15 жылда концертим биринчи жолу чыгашасын жаап, пайда алып келди”,- деп айтып элди таң калтырды. Көпчүлүгү популярдуу ырчынын концерти эми киреше алып келип жатса,анда башка концерт койгон ырчылар чыгаша эле болуп журөбү? -деген ойдо калышты.

 

Количество просмотров: 30