• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Уйкуңуз канбаган учурда эмнеге кабылаарынызды билесизби?

19 Бештин айы 2018 9:43 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 19.12.2018. Govori.TV

Тажрыйбага катышкандардын мээсин сканерден тартып жаткан учурда тамак-аштын же жөн эле буюмдун сүрөтүн көрсөтүшкөн.
Кельн университетинин (Германия) окумуштуулары уйкусу канбаган адам зыяндуу азыктарды көп жеп жана ашыкча салмак кошорун айтты. Бул туурасында Eurekalert! басылмасы жазды.


Иликтөөгө 19-33 жаштын ортосундагы 32 киши катышкан. Тажрыйбага алынгандардын мээси кантип иштеп жаткандыгын томографияга бир аптада бир нече ирет тартып турушкан. Алардын мээсин сканерлөө алдында тамагын ичип, бир катары үйүнө уктап келсе, бир нечеси лабораторияда түнөп, андан соң текшерилген.

Эртең менен адистер ыктыярчылардын тамакка болгон табитин текшерген. Аларга тамак-аш алганга атайын уюштурулган аукциондо соодалашууга туура келген.


Андан соң тажрыйбага катышкандардын мээсин сканерден тартып жаткан учурда тамак-аштын же жөн эле буюмдун сүрөтүн көрсөтүшкөн.

Ыктыярчылардан эки секунд ичинде керек же керексиз деген пикирин айтууну суранышкан. Анын жыйынтыгы уйкусуздук башка буюмдарга караганда тамак-аштын баалуулугун арттырганын көрсөткөн. Ошол эле учурда мээнин чечим кабыл алуу боюнча милдетти аткарган бөлүгү тез иштегени байкалган.

Окумуштуулар мындан улам, уйкусу канбагандарда ашыкча тамактанып, толуп кетүү тобокелдиги бардыгын айтышкан.


Булак: “Sputnik” агенттиги

Количество просмотров: 42