• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мирбек Атабеков мушкер Мунарбек алтын медаль алса, 5000 доллар сыйлык берет

11 Баш оона 20240:33 Бишкек Govori.TV

Мунарбек Сейитбек уулу өзбекстандык мушкер Абдумалик Халоков менен күч сынашат. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 01:20 да башталат.

Кудай буюруп, алтын медаль утуп калса, ырчы Мирбек Атабеков мушкер Мунарбек Сейитбек уулуна 5000 доллар берет.

Ал инстаграмдагы баракчасына мушкерге ийгилик каалап, пост жазган. Комментарийге утса сизден сыйлык болобу деп инстаграм колдонуучусу суроо калтырган. Мирбек Атабеков утса, 5000 доллар берерин жазган.

Количество просмотров: 1468