• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мирлан Жээнчороев комитетин өткөрүп бере элек

23 Чын куран 2018 13:29 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Республика-Атажурт” фракциясы көпчүлүк каолицияга кошулганына байланыштуу депутат Таабалды Тилаев бюджет жана каржы комитетинин башчылыгынан кетүү арызын жазды. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгынына  билдиришти.

Анда белгилүү болгондой, ушул эле фракциянын депутаты, ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин башчылыгынан кетүү арызын жолдой элек.

Эске сала кетсек, буга чейин “Республика-Атажурт”, “Атамекен”, “Өнүгүү”  фракциялары парламенттеги оппозициялык азчылыкта болуп, бирок, аталган фракция эки комитетти тең ээлеп келген эле.

 

Количество просмотров: 30