Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Өзбекстандын өлкө башчысы Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Атабек Умаровду 19-июлда Ташкент шаардык жол коопсуздук кызматы административдик жазага тартты. Бул тууралуу Умаров өзү инстаграмдагы өздүк баракчасына айыппул төлөгөнүн далилдеген эсеп-дүмүрчөктүн сүрөтүн жарыялады.
Маалыматка ылайык, Умаров «Тесла» үлгүсүндөгү автоунааны башкарып бара жатып, ылдамдыкты саатына 40 километрден ашырып айдаган.
Натыйжада, мамлекет башчынын күйөө баласы эң аз айлык акынын тогуз эсе өлчөмүндө 1 824 570 сум (200 доллардан бир аз көп) айыппул төккөн.