• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Мирзиёев башкы прокурорду акимдердин ишин текшерүүгө чакырды

23 Бештин айы 2021 18:25 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев башкы прокурорду акимдердин ишин тыкыр текшерүүгө чакырды. Бул тууралуу ал 21-декабрда жер маселесине байланыштуу отурум учурунда билдирди.

«Юлдашев мырза, мунун артында коррупция турганын ачык айтуу керек. Жыйналыш өткөрүп гана койбой, кылмыш ишин козгоо керек. Сиз чоң акимдерин жумушун текшере баштасаңыз, мен сизди сыйлай баштайм”, — деди Мирзиёев

Президенттин айтымында, жер жана кадастр тармагында коррупция өтө көп. Маселен, 30 миң фермер менен дыйканга бөлүнгөн жер документте көрсөтүлгөндөн 67 миң гектарга көп.

«Мунун артында акимдер менен прокурорлордун жемкорлугу турат. Конституция боюнча бизде коррупцияга каршы эң жогорку орган – прокуратура. Жемкорлукка каршы күрөшүү алардын парзы болууга тийиш”, — деди өзбек президенти.

Өзбекстанда Мамлекеттик салык комитетинин алдындагы Кадастр агенттиги 2020-жылы 7-сентябрда түзүлгөн. Бир жылдан кийин эле президент бул түзүмдө коррупция гүлдөй баштаганын сындаган.

Количество просмотров: 133