Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 27-октябрда Астанада өтө турган «Европа Биримдиги – Борбор Азия» саммитине катышат. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз катчысы Шерзод Асадов билдирди.
Жума ичинде Мирзиёев Европа кеңешинин төрагасы Шарль Мишелди да кабыл алат. Жолугушууда Өзбекстан менен Ееробиримдиктин саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгы талкууланат.
Европа кеңешинин башчысы Шарль Мишель октябрдын башында Өзбекстанга жана Казакстанга барарын билдирген. Анын айтымында, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен ал 26-27-октябрь күндөрү Астанада болот жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн жолугушуусуна катышат.