Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Газа тилкесиндеги тургундарга жардам берүү үчүн 1 миллион 500 миң доллар бөлүүнү чечти. Бул тууралуу ал өкмөттүн 31-октябрдагы жыйынында билдирди.
«Биз Палестин элине тилектештигибизди билдиребиз жана анын БУУнун Башкы Ассамблеясы менен Коопсуздук кеңешинин буга чейин кабыл алынган резолюцияларына ылайык көз карандысыз мамлекет түзүү укугун колдойбуз», – деди Мирзиёев.
Өзбек президентинин басма сөз кызматы кабарлагандай, бөлүнө турган каражат Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Жакынкы Чыгыш агенттигине жөнөтүлөт.