• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Мирзиёев менен Рахмон Яван ГЭСинин курулушуна катышты

3 Кулжа 2022 14:24 Бишкек Govori.TV

Тажикстан президентинин Өзбекстанга жасаган сапары учурунда Зарафшан дарыясында Яван гидроэлектр станциясынын курулушун баштоо аземине катышты. Бул тууралуу Өзбекстан президентинин маалымат кызматы билдирди.

Президенттер Шавкат Мирзиёев менен Эмомали Рахмон символикалуу конопкага басуу менен курулушка старт беришти.

Билдирүүдө бул эки тараптуу энергетикалык ири кызматташуу экени белгиленген. “Кубаттуулугу 140 мегаватт болгон заманбап станция энергетикалык коопсуздукту, суу жана агрардык секторлордун туруктуулунун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Инженердик жумуштар алдыңкы дүйнөлүк компанияларды тартуу менен заманбап стандарттардын негизине жүрөрү белгиленүүдө.

Долбоорду каржылоого катышууга алдыңкы эл аралык институттар, анын ичинде Азия өнүктүрүү банкы менен Европа реконструкция жана өнүгүү банкы кызыкчылынын билдирген.

Долбоор бул тармактын илимий жана өндүрүш дараметин бекемдөөгө, миңдеген айыл чарба өндүрүшүн жана ишканаларды “жашыл” энергия менен камсыздоого жол ачат.

Яван ГЭСинин баасы 282 млн долларды түзөт. Ал саатына 700-800 миллион кВт электр энергиясын өндүрүп чыгууга кудуреттүү.

Количество просмотров: 76