Үй камагындагы Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Отабек Муродов 18-сентябрда атайын кызматтын мурдагы төрагасы Ихтиер Абдуллаевдин иши боюнча суракка чакырылып, тергөө абагына киргизилди.
Өзбекстан президентинин администрациясынын атайын өкүлү бул маалыматты тастыктады.
«Азаттыктын» өзбек кызматы билдиргендей, 19-сентябрда Муродов Улуттук коопсуздук кызматынын Зарафшан районундагы тергөө абагынан атайын кызматтын республикалык тергөө абагына которулду.
2018-жылдын январынан бери башкы прокурор болуп иштеп келген Муродов кызматтан 20-июнда алынган. Ал бардык сыйлыктарынан жана наамдарынан ажыратылган.
Ага «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Пара алуу жана берүү» айыптары боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган.
Президент Шавкат Мирзиёев Муродов анын ишенимин актабаганын айткан.