• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Мирзиёевдин күйөө баласы Борбор Азиянын ММА конфедерациясын жетектейт

10 Бирдин айы 202018:03 Бишкек Govori.TV

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кенже күйөө баласы Отабек Умаров Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча борборазиялык конфедерациянын жетекчиси болуп шайланды.

Жаңы спорттук уюм түзүү жана анын башчылыгына Умаровду дайындоо чечими 6-8-февралда Таймаштын аралаш түрү боюнча эл аралык федерациянын (International Mixed Martial Arts Federation – IMMAF) Нур-Султандагы жыйынында кабыл алынды.

Конфедерациянын вице-президенти болуп IMMAF уюмунун директорлор кеңешинин мүчөсү Искандер Карим дайындалды.

Борборазиялык ММА конфедерациясы Азейрбайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн Таймаштын аралаш түрлөрү боюнча улуттук федерацияларын бириктирет. Конфедерациянын башкы кеңсеси Өзбекстанда жайгашат.

Отабек Умаров президент Шавкат Мирзиёевдин коопсуздук кызматынын жетекчи орун басары болуп иштейт. Ал 2019-жылы ноябрда Өзбекстандын ММА федерациясынын президенти, мартта Өзбекстандын триатлон федерациясынын төрагасы кызматтарына дайындалган.

Количество просмотров: 67