• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Мишустин менен Касымалиев телефондон сүйлөштү

4 Бирдин айы 202511:20 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу РФ өкмөтү кабарлаган.

Анда эки өлкөнүн премьер-министрлери 31-январда Казакстандын Алматы шаарында өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында жетишилген макулдашууларды өнүктүрүү максатында кыргыз-орус соода-экономикалык байланыштарын бекемдөө боюнча пикир алышканы айтылат.

Өкмөт башчылар телефондон сүйлөшкөнү тууралуу Кыргызстандын Министрлер кабинети маалымат бере элек.

Количество просмотров: 235