• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Митингчилер депутаттардын жыйындар залын талкалап жаткан видео тарады

6 Тогуздун айы 202013:18 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөргө Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйындар залын митингчилер талкалап жаткан видео тарады.

Тасмадан айрымдары «жигиттер талкалабагыла» деп башкаларды тартипке чакырып жатканын көрүүгө болот.

5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышты. Анда президент отурган жетинчи кабатка чейин адамдар кирип барышкан

Количество просмотров: 4017