• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Митингдеги 10 адам президент менен жолугушууга кетти

2 Жалган куран 202015:03 Бишкек Govori.TV

«Ала-Тоо» аянтында камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун тарапташтары уюштурган митинг уланууда.

Митингдин катышуучуларынын бири 10 адамдан турган делегация президент менен жолугушууга кеткенин билдирди.

Уюштуруучулардын айтымында, азыркы тапта митингге 1000ге жакын адам чогулду.

Митингчилер бир нече талап коюшту, алардын бири- камактагы Садыр Жапаровду абактан бошотуу.

Количество просмотров: 1197