• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Митингге чыккан «Тазалыктын» кызматкерлери мэрдин келишин талап кылышууда

15 Чын куран 2022 11:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-апрелде Бишкек мэриясынын «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери митингге чыгышты. Алар жаңы келген жетекчи иштин жүрүшүн билбестигин, «Тазалыкка» өндүрүш иштерин тыкыр билген директор дайындалышын талап кылышууда.

Митингге чыккандар менен Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок чогулгандар аны сүйлөтпөй, шаар мэринин өзүн келишин талап кылышты.

«Бизди канча жылдан бери эле алдап келе жатышат. Эч бир маселе чечилбейт. Азыр да мэр өзү келбей, вице-мэрди жиберип жатат. Келип биздин көйгөйлөрдү уксун. Ал келмейин биз бул жерден тарабайбыз жана жумушка чыкпайбыз», — деди «Тазалыктан» кызматкери.

«Тазалык» Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Аталган ишканада 1,5 миңдей адам иштейт жана буга чейин жумушчулар көчө тазалап жаткан учурда машине коюп кетип каза болгон учурлар катталган.

Количество просмотров: 203