• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Молдакун Абдылдаевдин баласынын сөөгү эки жумадан кийин табылды

14 Теке 201913:40 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.07.2019.Govori.TV.

Чүй облустук администрациясынын аппарат башчысы Молдакун Абдылдаевдин баласы Илимбек Абдылдаевдин сөөгү эки жумадан кийин табылды. Бул тууралуу Молдакун Абдылдаевдин кызы Индира Абдылдаева Instagram баракчасына «Байкушум а-ай, үмүтүм сенде эле… Иним табылды» деп жазды. 

Эскерте кетсек, кырсык 30-июнда саат 9.30дар чамасында Жайыл районунун Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Унаада Абдылдаев, жубайы, уулу, небереси жана айдоочусу болгон. Эки күндөн кийин аткаминер менен айдоочусунун сөөгүн суудан алып чыгышкан. 4-июлда кечинде 8 жаштагы небересинин сөөгүн табышкан. Ал эми 10-июлда жубайы Тинатин Шадыканованын сөөгү табылган эле. 

Количество просмотров: 30