• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Молдакун Абдылдаевдин жубайы менен уулу акыркы сапарга узатылды

15 Теке 201914:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 15-июлда Бишкек шаарынын Кара-Жыгач конушунда Молдакун Абдылдаевдин жубайы Тинатин Шадыканова менен уулу Илимбек Абдылдаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Жайыл районунун аймагынан үй-бүлөсү менен бирге Көкөмерен суусуна аккан Молдакун Абдылдаевдин уулунун денеси 14-июлда табылган болчу.

Эске салсак, 30-июнда Ат-Башыдан Суусамырга бара жатканда Көкөмерен суусуна кулаган унаада жалпы 5 адам болгон.

Алар:

1960-жылы туулган Молдакун Абдылдаев, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппарат жетекчиси болуп эмгектенип жаткан;

Молдакун Абдылдаевдин жубайы — 1962-жылы туулган Шадыканова Тинатин Сыдыгалиевна. Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору;

Молдакун Абдылдаевдин уулу — 1993-жылы туулган Илимбек Абдылдаев. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген;

Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси — 2011-жылы туулган Софья Борукеева;

Айдоочу — 1996-жылы туулган Бакыт Абдылдаев (тууган эмес, фамилиясы окшош).

Айдоочу менен М.Абдылдаевдин денеси 2-июлда, жээн небересинин денеси 4-июлда табылып, акыркы сапарга узатылган. Тинатин Шадыканованын денесин 10-июлда саат 17:20 чамасында Жумгалдагы Арал айылынан 2 чакырым ылдый тараптан Көкөмерен дарыясынан табышкан.

Молдакун Абдылдаев менен жубайы Тинатин Шадыканова 2 кыз, 1 уулду (эң кичүүсү) өстүрүшкөн.

Количество просмотров: 12