• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Молдокасымов: «Чынгыз улуу, бирок чындык андан улуу! Кара-Буура районунун аталышын Айтматовго алмаштыруу туура болбой калды!»

20 Чын куран 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров Талас облусунун Кара-Буура району Талас облусунун Айтматов району деп кайра атоо боюнча мыйзамга кол койгон.

Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов мындай чечим туура болбой калганын өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу билдирип, мындай иш-аракеттер менен президенттин жанындагы мыкчыгерлери аны уятка калтырып жатканын белгиледи.

«Чынгыз улуу, бирок чындык андан улуу! Кара-Буура районунун аталышын Айтматовго алмаштыруу туура болбой калды!

Эмне эле болуп жатабыз?! Адистердин, эксперттердин пикирин укпай, тийешелүү бөлүмдүн туура сунушун эсепке албай, өзүм билемдик кылып Кара-Бууранын аталышын Айтматовго алмаштырууну жетекчиликке тымызын сунуш кылып, чечимди чыгартканга «оопол тоодой» салым кошкон мыкчыгерди жазалоо керек! Президентти дагы ыңгайсыз абалга калтырды. Өткөндө өзүм билемдик кылып дагы бир мыкчыгер Байтик баатырга тийешеси жок сүрөттү сунуштап айкел жасатып Президентти ыңгайсыз абалга калтырганы аздык кылды беле?!

Урматтуу Президент, Сизди ыңгайсыз абалга калтырган мыкчыгерлерден качан тазаланасыз!? Уят кылып бүтүштү! Мартта жазып токтойт го десем, кечээ Кара-Бууранын аталышы өзгөртүлгөнү тууралуу чечимди окуп өкүнүч менен кабыл алдым! Чынгыз улуу! Бирок чындык андан улуу! Кара-Бууранын тарыхый аталышын Айтматовго алмаштыра салуу туура эмес болуп калды! Айтматовдун атын түбөлүк сактоого ордо калаабыздын тили буруу бир районун алмаштырсак куп жарашпайт беле!»,-деп жазат тарыхчы.

Количество просмотров: 832