• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: Эл Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы жакшы тааныйт

14 Бугу 2020 11:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүнкү күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы жакшы тааныйт. Мындай пикирин депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

«Кыргыз Республикасынын 2020-жылкы бюджетти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун барактап чыгып, таң калдым. Силер Жогорку Кеңештин бюджетин 80 миллион сомго кесипсиңер, Башкы прокуратураныкы 15 миллион сомго, Финансы министрлигиникин 21 миллион сомго азайтыпсыңар. Өкмөт менен президенттин иш башкармалыгын 2 миллион 500 миң сомго кыскарыптыр. Эң кызыгы Маданият, маалымат жана туризм министрлигиникин, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин бюджетинин тең жарымын алып салыпсыңар. Бизде Олимпиадага, Көчмөндөр оюндарына ким даярданат? Азыркы күндө эл Мухаммедкалый Абылгазиевге караганда Айсулуу Тыныбекованы, Кубатбек Бороновго караганда Жоломан Шаршенбековду жакшы тааныйт. Бул бюджетти өзгөртө турган саясат эмес», — деди депутат Момбеков.

Количество просмотров: 1569