• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: Күч түзүмдөрү мамлекет башчыны уят кылды

22 Жетинин айы 2019 17:41 Бишкек Govori.TV

Күч түзүмдөрү мамлекет башчыны уят кылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги «КСДП» фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

«Азыркы учурдагы саясий кырдаал бийликтин беделине урулган эң чоң сокку. Кандай болгон күндө дагы мамлекет башчыны уят кылган каржы полициясынын жана күч түзүмдөрүнүн башчылары кызматтан кетиши керек. Бул ишти иликтөөнү башка адамдарга тапшыруу зарыл. Анткени президенттин коррупцияга каршы ураанын аткаргандын ордуна таш-талканын чыгарышты»,-деп билдирди Момбеков.

Мындан сырткары, депутат өкмөт буга чейин эле бир нече маселеге байланыштуу өз ыктыяры менен отставкага кетиш керек болчу деп кошумчалады.

Количество просмотров: 2923