• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Момбеков: Разаков куратор эмес эле «куураткыр» болуп калды

5 Бирдин айы 2020 11:52 Бишкек Govori.TV

Жениш Разаков куратор эмес эле «кууратыр» болуп калды. Бул тууралуу депутат Рыскелди Момбеков 5-февралда парламентте сүйлөп жатып айтты.

«Жеңиш Парпиевич тууралуу айтайын, аны 2 жерге — ЕАЭБге жана чек арага куратор кылдыңыз. Орусча куратор, кыргызча кууратар деген. Бирок ал эки жакты тең кууратпадыбы. Баткенде 2 метр чек араны чечкен жок. ЕАЭБдеги эң негизги маселени чечкен жок. Үчүнчү мамлекеттен келген унааларга бажынын тарифин жеңилде албай койду, анан Россиядагы мекендештер которгон акчага коюлган 100 миң сомдун чектөөнү чече албай койду. Эки метр жерди чече албаган кишини Баткенге койдук деп жатасыз. Баткенге байлап койсоңор да чече албайт», — деди.

Количество просмотров: 1849