• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сот БШКнын Рыскелди Момбеков боюнча чечимин жокко чыгарды

28 Жетинин айы 20219:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын административдик соту Рыскелди Момбековдун Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары каттоосун кайра калыбына келтирди. Мындай чечим 27-ноябрда кабыл алынган.

Маалыматка ылайык, административдик сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапты жана аны жокко чыгарды. Соттун өкүмү жарыялангандан тартып күчүнө кирет жана анын үстүнөн 3 күндүн ичинде Жогорку сотко даттанууга болот.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алганы боюнча БШКга маалымат берген. Борбордук шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарган.

Количество просмотров: 175