• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: Мал доктур экен го, ара жолдо аксап калып уят болуп калбайсызбы?

12 Бирдин айы 2020 17:14 Бишкек Govori.TV

Парламент азыркы тапта вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карап жатат. Депутат Рыскелди Момбеков Момбеков вице-премьер-министрликке губернаторду шайлап коюп кайрадан уят болуп калбайбызбы деген оюн ортого салды.

“Сиз Баткендин губернаторун алып келдиңиз, анда Баткендин губернаторуна вице-премьер-министр деген макам берип коёлу. Мунуңуздан башка талапкер жокпу? Улукбек Кочкоровго окшогондор бар эле. Бул мал доктур экен го, ара жолдо аксап калып уят болуп калбайсызбы деп өтүнүчтү эмес, өкүнүчтү айтып жатам», — деди Рыскелди Момбеков.

Количество просмотров: 1464