• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Момбеков Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине даярдыгын сынга алды

7 Тогуздун айы 2021 11:46 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков Министрлер кабинетинин күз-кыш мезгилине карата даярдыгын сындады.

Ал депутаттардын өкмөттүн күз-кыш мезгилине карата маалыматын угуу ордуна жоопкерчилигин кароо керек деп билдирди.

«Өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдыгын күз ортолоп калганда кароонун кандай зарылдыгы бар? Бүгүн алардын даярдыгын эмес, чабалдыгын карашыбыз керек. Бир-эки күн суук болуп, кыламык кар жааганда кышка даярдык жок экени билинип калды. Болот деген суу болгон жок, толот деген Токтогул толгон жок, топ базада көмүр жок, толгон элде көңүл жок. Жетекчилердин жеке жоопкерчилигин карай турган мезгил жетти”, — деди Момбеков.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов электр жарыгы өчүрүлүп баштаганы көмүрдүн баасы жасалма түрдө көтөрүлүп, өкмөт аны көзөмөлгө албай жатканына токтолду.

Количество просмотров: 117