• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Момбеков: Мындай учурда маданият министри өзү кетиш керек болчу

4 Бештин айы 2019 14:40 Бишкек Govori.TV

Маданият министри кол алдындагы адамды жумуштан кетирип коюп отурса, анда жоопкерчилик кимде калат. Бул тууралуу «КСДП» фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

«Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги көргөзмөнү түпкүрүндө колдобойм. Биз канчалык аракет кылбайлы кыргыздын канына сиңип калган каада-салтынан кача албайбыз. Ал кыргыздын жашоодогу эрежеси менен жазылбаган мыйзамы. Батыштын саясатын батыра албайбыз. Даниядан келген жылаңач кызды актуалдуу маселеге айлантуунун кажети жок болчу. Менин түшүнбөгөнүм Маданият, маалымат жана туризм министрлиги музейдин директорун кызматтан алып салганы. Мира Жангарачева тобокелчиликти мойнуна алып жумуштан кетти. Маданият министри кол алдындагы адамды жумуштан кетирип коюп отурса, анда жоопкерчилик кимде калат. Мындай учурда министр өзү кызматтан кетиш керек болчу», -деди Момбеков.

Количество просмотров: 243