• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Разаковдун ордуна “мал доктур” келди. Акаевдин Кыргызстанга келгенге шайы жок

12 Бирдин айы 2020 20:43 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйынын өткөрдү. Бул жолку жыйында да өлкө башчы бир катар аткаминерлердин ишин сынга алды.


Бүгүн Жогорку Кеңеште вице-премьерликке Акрам Мадумаровдун талапкерлиги каралды. Анын талапкерлиги боюнча баяндаманы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жасады.


Бир нече күн мурун Москвада Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаевдин уулу Адар Акаевдин сөөгү жерге берилди. Айдар Акаевди акыркы сапарга узатуу зыйнатына барып келген саясатчы жана укук коргоочу Токтайым Үметалиеванын айтымында коштошуу зыйнатына бир катар белгилүү аткаминерлер катыштып, айрым чет элдик чиновниктерден көңүл айтуу телеграммалары келген.


Москвада полиция кызматкеринин өлүмү үчүн айыпталган кыргызстандык Нурлан Муратовду 11-февралда Москва шаардык соту күнөөлүү деп таап, 18 жылга абакка кести. Бул тууралуу анын адвокаты Алексей Толстых билдирди.


Бишкек шаарына жакын жайгашкан Новопавловка айыл өкмөтүнүн Ак-Ордо конушунда эки унаа бет маӊдай кагышкан. Окуя конуштун Гагарин көчөсүндө кечээ, 11-февралда кечки саат 22:00-23:00 чамасында болгон.

Кененирээк «Күндүн ыргагынан» көрө аласыз…

Количество просмотров: 604