• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Момбеков «Шакинин шарабын» ичүүнү сунуштады…

19 Жалган куран 2020 13:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-мартта Жогорку Кеңеш коронавирустун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө өкмөттүн маалыматы угулууда.

Анда депутат Рыскелди Момбеков «Шакинин шарабын» ичүүнү сунуштады.

«Коронавирус дүйнөдөн келген коркунуч. Өкмөт мунун аракетин кылып жатат. Аракетиңиздер жакшы десем жаңылышпайм. Биз бул нерседен саясат кылбашыбыз керек. Кылым карыткан кыргыз мындан оор учурду башынан өткөргөн. Кытайдын вирусунан эмес, Кытайдын өзүнөн жеңилген эмеспиз. Кандай гана кырсык болсо кыргыз дем салдырып, укол сайдырып чыгып кеткенбиз. Кыргызды кырсыктар кытайдын маскасы куткарбайт, кыргыздын маркасы куткарат. Кыргыздын гени, деми күчтүү кыргыз эли жери касиеттүү. Иммунитетти, маанайды түшүрбөө зарыл. Иммунитетти түшүрбөш үчүн кыргыздын тамагы керек. Тамашалап айтсам Шакинин анча-мынча арагы керек. Дүйнө чемпиондугу токтотулуп жатса, биз жергиликтүү кеңештин шайлоосун токтото албай убарабыз», — деди Момбеков.

Количество просмотров: 3664