• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Момбеков: Түрмөдөгү депутат менен жерге берилген депутаттын ордуна ким кол койду?

3 Жалган куран 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-мартта Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Кыргыз Республикасынын Конституциясын талкуулоо убагында Рыскелди Момбеков жерге берилген эл өкүлү менен түрмөдөгү эл өкүлүнүн ордуна документке ким кол койгондугун айтты.

«Кечээ күнү жерге берилген Алмазбек Акматовдун колу жана түрмөдөгү Кубанычбек Жумалиевдин колу көрсөтүлгөн. Бул кандай болду? Түшундургулөчү! Өлүп калган кишиге кантип кол койдурдуңар? 1-мартта алар кантип кол койду? Баш мыйзамдын ээси менен мээсин айткылачы. Элди «кидайть» этпегиле, элдин талабы Жок бул жерде», — деди Рыскелди Момбеков

Количество просмотров: 2594