• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Монополияга каршы агенттик доллар арзандаганы менен баалар эмнеге түшпөй жатканын түшүндүрдү

30 Жалган куран 2022 16:08 Бишкек Govori.TV

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков доллар арзандаганы менен баалар эмнеге түшпөй жатканын түшүндүрмө берди.

Анын айтымында, социалдык маанилүү азыктардын, анын ичинен кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча иштер аткарылууда.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Кыргызcтанда доллардын курсу буга чейин 105 сомго чыкты. Продукцияларды сырттан алып келгендер келишимди мурунку баа менен түзүп алышкан. Ошол себептүү бул ички рынокко таасир берет. Эки күндөн бери АКШ долларынын баасы төмөндөп жатат. Бирок бааларга ошол эле күнү таасир бербейт, убакыт талап кылынат. Бүгүнкү күндө социалдык маанилүү азыктардын, анын ичинен кумшекердин баасын турукташтыруу боюнча иштер аткарылууда. «Фрунзе» дүкөндөрүндө кумшекердин баасы 1 килограммына 60 сом, эгер 1 килограммдан көп болсо, анда ар бир килограмм үчүн 77 сомду түзөт. «Кайыңды Кант» ишканасына доллардын куну түшкөнүнө жана салыктан бошотулганына байланыштуу кумшекердин дүң баасын төмөндөтүү боюнча билдирме жөнөтүлдү. Республика боюнча алып караганда, баалардын төмөндөшү байкалууда», — деди ал.

Количество просмотров: 2084