• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Тайлаков: Былтыркы жылга салыштырмалуу ундун баасы көтөрүлдү

17 Үчтүн айы 2022 14:33 Бишкек Govori.TV

Былтыркы жылга салыштырмалуу ундун баасы көтөрүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Кеңешбай Тайлаков билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө ундун көлөмү жетиштүү.

«Республика аймагында бүгүнкү күнгө карата 1-сорттогу 1 килограмм ундун орточо баасы 36 сом 70 тыйынды түзөт. Бааларда 20 тыйынга чейин өзгөрүү болуп турат. Ал эми кескин көтөрүү жок. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги август айында Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы, Экономика министрлиги менен биргеликте келишим түзгөнбүз. Анда коюлган талаптар аткарылып жатат. Буудайдын гана көтөрүлгөн баасына ылайыктуу алар кошушат. Мурун бизде ун чыгаруучу 7-8 эле кампа иштесе, азыр 27 ун чыгаруучу завод ишке киришти. Жума сайын бааларга мониторинг жүргүзүп турабыз. Бүгүнкү күндө ундун көлөмү жетиштүү жана баасы туруктуу деп айтсак болот. Түз жөнгө салуу кирген жок, ун рыногунда түшүндүрүү иштерин гана жүргүзүп жатабыз. Маалыматты Экономика министрлигине кабарлап турабыз. Кооптонуу болбош керек. Өлкөгө Орусиядан буудай азыгы келип жатат, бизде кайра иштетилүүдө. Негизсиз баа көтөрүү болбойт. Баа кескин көтөрүлүп кеткен учурда өкмөт тарабынан жөнгө салуу механимин киргизсе болот. Бирок андай кырдаал жок. Ал эми Талас облусу казакстандык ун азыктарын керектейт. Казакстандагы кырдаалга байланыштуу ундун баасын баасын көтөрүп жиберүүнү көздөшкөн. Деген менен андайга жол берген жокпуз. Ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен эскертүүлөрдү бердик. Бүгүнкү күндө ички рынокто чыгып жаткан жергиликтүү ундар дагы Талас облусуна жеткирилип жатат. Ошондой эле Казакстандан ундар келе баштады»,-деди Тайлаков.

Тайлаков ошондой эле өсүмдүк майына болгон баа көзөмөлдөнүп жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 124