• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Монополияга каршы агенттик: Күйүүчү майдын баасы турукташат

25 Бугу 2022 14:25 Бишкек Govori.TV

Күйүүчү майдын баасы турукташат. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Кеңешбай Тайлаков билдирди.

«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, күйүүчү майды Орусиядан ташып келебиз. Бизде деле үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинен тарта баа туруктуу. Кээ компанияларда 1 сом 60 тыйынга чейин төмөндөө болгон. Андан бери талкуулар өткөрүлүп, тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Ал эми бааны турукташтыруу боюнча иш-чара көзөмөлдө, буюрса бизде дагы турукташат. Бул жаатта эсептөө менен тактоо иштери жүрүп жатат. Кыргызстанга Жогорку Евразия экономикалык кеңештин алкагында Орусиянын монополияга каршы федералдык кызматынын жетекчиси келди. Бүгүн жыйын каралган. Анда экспорттук баанын жогору болуп жатканы боюнча маселе көтөрөм»,-деди ал.

Эске салсак, Орусияда бензиндин баасы кескин төмөндөгөн. Ага күйүүчү майдын дүң баасынын төмөндөшү себеп болууда. 

Количество просмотров: 63