• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматынан бошотулду

31 Тогуздун айы 2018 9:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 31.10.2018. Govori.TV
Кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берилгендигине байланыштуу Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясы Марлес Феликс кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Президенттин аппаратынан билдиришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясы жазык жоопкерчилигине тартууга, Башкы прокуроруна макулдук бергендигине байланыштуу, Чуй облусунун Москва райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан, Марлес Феликс жергиликтүү сотунун судьясынын кызмат ордунан четтетилди.
Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Количество просмотров: 35