• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Москва шаарында карантиндин мөөнөтү узартылды

7 Бугу 2020 23:34 Бишкек Govori.TV

Россиянын Москва шаарында карантиндин мөөнөтү узартылды. Мэр Сергей Собянин коронавируска байланыштуу азыркы чектөөлөр 31-майга чейин узартылганын жарыялаган.

Мэр ресторандар, театрлар, спорттук мекемелерди ачуу азырынча эрте экенин белгилеген.

Ал эми Москва шаарынын ичинде жүргөн унааларга өткөрмө кагаздарды бир жумада эки жолу алууга болот. Медициналык мекемелердин кызматкерлери менен ыктыярчылар күн сайын алышат.

Россиянын коронавируска каршы күрөшүүчү ыкчам штабынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде Россияда коронавирус инфекциясын 11 231 адам жуктурган. Муну менен Россияда бешинчи күн катары менен коронавирус менен 10 миңден ашык адам катталды.

Количество просмотров: 692