• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Москвада 17 жаштагы кыргызстандык кыз 5-кабаттан кулап кеткен

17 Жетинин айы 2020 17:04 Бишкек Govori.TV

Москвадагы көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан 17 жаштагы кыргызстандык кыз кулап кеткен.

Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, 16-ноябрда элчиликтин юристи медициналык мекемеге барган, анын жүрүшүндө жаракат алган кыз кыргызстандык жаран экендиги тастыкталды.

«Кырсыктаган кыз Баткен облусунда туулган, бул жакта апасы менен жашачу. Москва районунун Дедовск шаарында окуй турганы антыкталды. Учурда ал жандандыруу бөлүмүндө механикалык желдетүүнүн жардамы менен жатат. Дарыгердин айтымында, кыздын абалы өтө оор. Жүрөк менен өпкөсү жабыркаган, бөйрөгү жарылып, жамбаш сөөктөрү сынган жана баш мээси чайкалган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда мекендештердин аракети менен операцияга каражат чогултулуп жатат. Бул маселе элчиликтин көзөмөлүндө.

Количество просмотров: 161