• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Москвада 25 кыргыз жараны кармалды

13 Бирдин айы 201815:06 Бишкек Govori.TV
Бишкек.13.02.2018.Govori.TV.
Орусиянын Москва шаарында 25 Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган 25 Кыргыз жараны Москва шаарындагы Новогиреево районунда кармалган.
Аталган жарандар Орусиянын ИИМ кызматкерлери тарабынан чет элдик жарандардын каттоо документтерин текшерүү учурунда кармалган. Текшерүүнүн жыйынтыгында 23 Кыргыз жараны коё берилип, калган экөөндө миграциялык мыйзам бузуу фактысы аныкталган. Аталган өлкөнүн мыйзамына ылайык, эки Кыргыз жаранына 5 миң рубль айып салынат. 

Количество просмотров: 69