• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Москвада 29 жаштагы кыргыз келин метродон көз жарды

10 Бештин айы 202016:44 Бишкек Govori.TV

Москвада 29 жаштагы кыргыз келин метродон көз жарды. Төрөттү «Электрозаводская» метросунун полиция кызматкерлери кабыл алышкан.

Маалыматка караганда, кош бойлуу келин эскалатордон чыгып бара жатканда толгоосу башталган.

Ички иштер министрлиги келинге улук сержант Алеся Полякова жана прапорщик Алексей Орлов жардам бергенин билдирди. Алар постто болушкан. Полиция кызматкерлери эскалатордон чыгып бара жатып, жерге жатып калган кош бойлуу аялды байкашкан. Болочок эне кош бойлуулуктун акыркы баскычында экени белгилүү болду.

Эне-баланын абалы жакшы экендиги дагы кабарланат.

Келиндин аты Үпөл Курманова, ал Кыргызстанды жараны экендиги белгиленет.

Количество просмотров: 785