• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Москвада адилет шайлоону талап кылган акциянын 38 катышуучусу кармалды

15 Теке 20199:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.07.2019.Govori.TV.

Москвада оппозиция өкүлдөрүн башкалаанын думасына талапкерлердин тизмесине киргизүүнү талап кылгандарды полиция күч менен таратканга аракет жасап, бир канча активистти кармап кетти.

«Азаттыктын» орус кызматы кабарлагандай, 14-июль күнкү акцияга чыккандарды кечки саат сегиздерде тартип сакчылары кармап кете баштады. «Дождь» телеканалы 22, «ОВД-Инфо» басылмасы 38 кишини полиция алып кеткенин маалымдады.

Пушкин аянтындагы митинг оппозиционер Алексей Навальныйдын демилгеси менен уюштурулганы кабарланган. Шаар бийлиги акцияга уруксат бербегендиктен иш-чара «шайлоочулар менен жолугушуу» форматында башталган.

Буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары бир катар оппозициялык талапкерлер тапшырган документтерде «жараксыз колдор көп» деп тыянак чыгарышкан.

Орусиянын башкалаасынын думасына шайлоо 8-сентябрда өтөт.

Количество просмотров: 57