• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык эркек үч жарым жылга соттолду

15 Бештин айы 2020 12:28 Бишкек Govori.TV

Москвада баласын аёосуз сабаган кыргызстандык эркек үч жарым жылга соттолгонун РИА Новости агенттиги 14-декабрда жазды. Ага «бойго жете элек баласын багуу жана тарбиялоодогу жоопкерчиликсиз мамиле жана зомбулук» кылды деген айып тагылды.

2020-жылдын апрелинде социалдык түйүндөрдө болжол менен башталгыч класста окуган баланы атасы токмоктоп жатканы тартылган видео тараган. Ички иштер министрлиги балага зомбулук көрсөткөн окуя 16-апрелде болгонун, баласын сабаган жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 35 жаштагы тургуну, үй-бүлөсү менен 2019-жылы күзүндө Орусияга кеткенин билдирген.

Баланы аеосуз сабоо фактысы Москва шаарынын Кунцево районунун ички иштер бөлүмүн катталган. РИА Новости ал баласын урган башка учурлар да аныкталганын, күнөөсүн мойнуна алганын маалымдады.

Количество просмотров: 194